Евробиримдик өз аймагындагы Орусиянын активдерин белгисиз мөөнөткө тоңдурду. Associated Press жазганына караганда, мындай чечим экономикалык өзгөчө кырдаалдар үчүн иштелип чыккан атайын процедураны колдонуу менен кабыл алынды.
Активдер Орусия Украинага каршы согуштан баш тартып, келтирген зыяндын ордун толтурмайынча тоңдурулуп турат.
Согуш бүтүп жана Орусия зыянды төлөп берүүгө макул болгондо гана Еврокомиссия акчаны кайтарып берет, ошондо гана Кремль аны колдоно алат.
Бул чечим каражатты Украинага жардам катары жумшоого мүмкүндүк берет. Буга чейин Евробиримдик активдерди тоңдуруу мөөнөтүн ар алты ай сайын узартып келген. Мындай шартта Венгрия менен Словакия Орусиянын каражатын тоңдурууга каршы добуш берүү коркунучун жараткан. Эми анын мөөнөтүн узартып туруу зарыл эмес.
“Европа биримдигинин өлкөлөрү Украинага жардам көрсөтүүнү улантууну көздөшөт. Анткени Орусиянын бастырып киришин жеке коопсуздугу катары карашат”, - деп белгилеген агенттик.
Мөөнөтсүз тоңдурулган 210 миллиард евролук активдердин басымдуу бөлүгү Бельгиядагы Euroclear депозитарийинде сакталат.
Буга чейин Бельгиянын өзү жана анын премьер-министри Барт де Вевер Москванын соттук териштирүүлөрүнөн чочулап, тоңдурулган каражатты Украинага берүүгө каршы болгон. Орусиянын банкы 12-декабрда Euroclear компаниясына каршы доо арыз менен Москванын Арбитраждык сотуна кайрыла турганын билдирди.