Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Фронтко алгач орус жарандыгын алгандар, кийин мигранттар тартыла баштаган эле. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Беш жыл мурда тыюу салынган Кызыл-Омпол кенин казууга кайрадан жол ачылды. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы үчүнчү сессиясын жыйынтыктады. Парламент соңку сессияда талаш жараткан мыйзамдарды кабыл алып, бир нече депутат мандатынан айрылды.
Орусия 10 миңдей мигрантты согушка салды
Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 12, 2025Зеленский Донбасс маселеси чечилбей жатканын айтты
-
Декабрь 11, 2025Адахан Мадумаров 150 миң доллардын чоо-жайын айтты
-
Декабрь 10, 2025Украина согуш шартында шайлоо өткөрөбү?
-
Декабрь 09, 2025№26 округда 460 миң сомду ким тараткан?
-
Декабрь 08, 2025БШК Жолдошованы депутат катары каттаган жок
-
Декабрь 08, 2025БШК Жолдошеваны депутат катары каттаган жок