Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

БШК №26 округ боюнча "далилдерди жасалмалоо болгон" деген билдирүүгө жооп берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер болгон Элдар Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматованын айткандарына жооп берди. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, Абдрахматова жалпыга маалымдоо каражаттарында "Сотто Боршайкомдун мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу аракети болууда" деп айткан.

БШКнын маалыматына караганда, Абакировдун Бишкек шаарынын Административдик сотуна берген арызы боюнча материалдарда Боршайкомдун 8-декабрдагы токтомунун көчүрмөсү тиркелген. Ишти кароо учурунда талапкер тарап ал документтер жараксыз деген жүйө келтирген.

“Ушундан улам, далилдердин толуктугун камсыз кылуу жана күмөн саноолорду четтетүү максатында БШКнын өкүлү соттон токтомдун түп нускасын (оригиналын) берүү үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону өтүнгөн. Сот БШК өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырып, БШКнын 8-декабрдагы №189 токтомунун түп нускасы сунушталган”, - деп билдирди мекеме.

БШК аталган токтому мыйзамдарда белгиленген бардык процедураларды сактоо менен кабыл алынганын жана мыйзамдуу күчүнө киргендигин, аны айырбаштоо же алмаштырып коюу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Абакировдун даттануусун Бишкек шаарынын Административдик соту 12-декабарда карап, аны канааттандырган эмес.

Сотко Абакиров жана анын өкүлү, БШКнын өкүлү, жалпыга маалымдоо каражаттары катышкан. Сот отуруму алты саатка созулган.

Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова отурумунда сот бир топ жагдайларга көңүл бурбаганын жана өтүнүчтөр канааттандырылбай калганын айткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына сотто далилдерди жасалмалоого жол берилгенин жазган жана чечимге каршы даттана турганын билдирген.

БШКнын соңку маалыматынан кийин ал аталган мекеме "кайрадан чындыкты бурмалап, анык эмес маалыматт берип жатат" деген оюн билдирди.

Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Күнөөлүүлөр аныкталбаса №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Боршайком ошол эле күнү №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Саккараев 12 миң 82, Исеналиев 11 миң 656 добуш алган. Айым талапкерлерден Исаева 5 миң 784 добуш чогулткан. Элдар Абакировду 7 миң 242 шайлоочу колдоп, үчүнчү орунга чыккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG