Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

"Буйрук Баш мыйзамдан жогорубу?" Айбек Теңизбай эки айга камакка алынды


Активист Айбек Теңизбай эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

Активист Айбек Теңизбай эки айга камалды

мазмуну

  • Айбек Теңизбайдын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Ага жарандык активист өзү да алып келинди. Сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн аны эки айга камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды.
  • Теңизбай 11-февралга чейин 1-тергөө абагында кармалат.

"Улут аралык кастыкты козуткан эмесмин"

Активисттин бөгөт чарасын караган отурум ачык өтүп, ага Теңизбай өзү да алып келинди. Соттун суроосуна жооп берип жатып, буларга токтолду:

“Ар кандай улут аралык кастыкты жаратуу же башка аракеттер максаттуу түрдө, туруктуу түрдө болгон эмес. Аны бүгүн камерада жатып түшүндүм. Ал жерде Михаил деген орус улутундагы жаран калып жатты. Ал менен сүйлөшүп отуруп сезим келди, менде андай түшүнүк болбоптур, болбойт дагы. Ошол себептен өтө катаал жоопкерчилик талап кылып жаткандыгы негизсиз деп эсептейм. Мен эч жакка качпайм. Мыйзам катаал болсо да жооп берүүгө даярмын. Анткени ал мыйзам”, - деди Айбек Теңизбай.

Атайын кызматтын тергөөчүсү жүргүзүлгөн экспертизанын жана тергөө амалдарынын алкагында Теңизбайга коюлган айыптар үчүн жетиштүү далилдер жана негиз бар экенин белгиледи.

Айыпталуучунун адвокаты тергөөчүгө кылмыш ишинин козголушуна жана аны камакка алуу өтүнүчүнө байланыштуу бир катар жагдайларды белгилеп, айыптоо негизсиз экенин жана аны камакка алууга да муктаждык жоктугун айтты. Буга прокуратура өкүлү жооп кайтарып, мамлекеттик айыптоочу тергөөчүнүн өтүнүчүн колдой турганын тактады.

“Тергөөчүнүн өтүнүчүн толугу менен колдойм. Биринчи маселе боюнча кармоону мыйзамдуу жана негиздүү деп таанууну, бөгөт чараны тергөөчүнүн өтүнүчүндө көрсөтүлгөндөй карап берүүңүздү өтүнөм. Адвокат суроо берип жатып тергөөчүнүн укугу тууралуу сөз кылды. Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, тергөөчү көз карандысыз жак болуп саналат жана эч ким анын чечимине кийлигише албайт”.

Айбек Теңизбайдын сөзүндө жарым-жартылай жоопкерчилик алам деп айтканы тууралуу адвокаты Жаныш Бараков түшүндүрмө берип, бөгөт чарасы боюнча кийин инстанцияга арызданарын билдирди.

“Билдирүүлөрдү көрсөтүп, Ютубдан саясий ишмерлерден интервью алганын ырастап, мындай ишмердүүлүк менен алектенгенин четке каккан жок. Лингвистикалык экспертизада “терс пикирлерди айтып, чагымчыл мүнөздөгү суроо берип жатат” деп жатпайбы. Бул боюнча чынын айтканда мен ойлонгон эмес экем, чынында саясатчыларды чакырып, уюштуруп, Ютубда маек өткөргөнүн мойнуна алып жатат, четке каккан жок”.

УКМКнын билдирүүсү

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча 12-декабрда маалымат берип, ал социалдык тармактарда “белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген” чагымчыл билдирүүлөрдү чыгарып келгенин билдирген.

“Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган. Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу" боюнча кылмыш иши козголду”.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери Айбек Теңизбайды 11-декабрда Кой-Таштагы үйүнөн алып кетишкен. Үйүндө тинтүү жүрүп, уюлдук телефон жана башка каражаттары алынган. Жакындары аны кайсы укук коргоо органы алып кеткенин билбей, түшкө чейин издешкен. Адвокаты аны менен жолугууга кармалгандан дээрлик 11 саат өткөндөн кийин, кечки саат жети чамасында гана киргизилген. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов бул көрүнүштү укуктун бузулушу деп мүнөздөдү.

“Укуктук жагынан алганда укук сакталган жок. Бул эле иште эмес, башка иштерде алардын бир эле мыйзамы бар. Алар үчүн жетекчиликтин буйругу Конституциядан да жогору турат? Бул иште саясий боёк бар. “Массалык башаламандык уюштуруу”, “улут аралык кастыкты козутуу”, “бийликти басып алууга аракет кылуу” деген беренелерди колдонуп калышпадыбы. Бул жерде көрүнүп эле турат, баарын коркутуп жатат.

"Укуктук өлкө болобуз десек, мындай аракеттер токтошу керек"

Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече пост жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет.

Ютуб каналында подкасттарды чыгарып турат. Буга чейин укук коргоочу Рита Карасартова, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров, камактагы Темирлан Султанбеков менен маектери жарыяланган.

Камалардан мурда, кечээ кечинде ал соцтармактагы баракчаларына Конституциялык соттун өлүм жазасы тууралуу президенттин сунушун кароодон баш тарткан тыянагын колдогон билдирүү калтырган. Андан мурда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баш калаанын борборундагы курулуш иштерин, бийликти сындап жазган. Кылмыш иши анын кайсы билдирүүсүнүн негизинде козголгону азырынча белгисиз жана айыптоодо айтылган кайсы улутка карата кастык маанай пайда кылынганы такталган эмес.

Жарандык активист Руслан Акматбек Теңизбайдын билдирүүлөрүндө жана берүүлөрүндө кастыкка байланыштуу мазмун болбогонун, жигердүү жаран катары пикирин билдирип келгенин айтууда.

“Өлкө жетекчилиги ар мүмкүнчүлүктө укук корголгон өлкө курабыз, эркин болуш керек деп айтып жатышат. Атайын кызматтын башчысы элдин сынын угушубуз керек деп жатат. Мындай карасаң, тескери иш-аракеттер болуп жатат. Анча-мынча саботажбы деп ойлоп кетесиң. Биз ушундай абалда бир нерсени чечип алышыбыз керек. Биз укуктук мамлекет курабызбы? Эгер ушул жолду тандап, адамдардын укугу корголгон өлкө болобуз десек, мындай аракеттерди токтотушубуз керек".

Активист Теңизбай 31 жашта. Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрды Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG