Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Орус армиясы Украинанын Одесса облусуна сокку урду


Ишембиге караган түнү Украинанын Одесса облусунда жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү түштүктөн, Одесса тарапка баллистикалык ракета колдонуу коркунучу бар экенин билдирген.

Жума күнү кечинде Одесса эки жолу орус армиясынын чабуулуна кабылды. Соккулардан порттун инфраструктурасы жана куткаруу жабдуулары жабыркаганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргенин Би-Би-Си жазды.

Черноморск шаарындагы портто жарандык кеме зыян тартканын Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграм каналына жазды.

“Бул орусиялыктар дипломатияга жетишүүнүн азыркы мүмкүнчүлүгүн кабыл албай эле эмес, Украинадагы кадимки жашоону жок кылуу үчүн согушун улантып жатканынын дагы бир далили, - деп кошумчалады Зеленский.

Reuters өз булактарына таянып кеме Одесса облусундагы эң ири Черноморск портунда болгонун жазды. Чабуулдан кийин андан өрт чыккан.

Булактардын бири аталган агенттикке ал түркиялык "Cenk T" кемеси болгонун билдирди. Анын сүрөтүн жергиликтүү каналдар жарыялашты.
Агенттик кеме кайсыл өлкөнүн желеги менен жүргөнүн көз карандысыз булактардан тактай алган жок. MarineTraffic сайтындагы маалыматка караганда, мындай аталыштагы кеме Панаманын желеги менен жүрөт.

Азырынча сокку атайылап, максаттуу жасалганбы, жокпу, ал эмне ташып баратканы беймаалым.

Одессанын жетекчиси Олег Кипер бир киши жабыркаганын билдирди. Жарандык объекттер жана инфратүзүм зыян тарткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG